Кара-Суу району 2020-жылы бюджеттен эң көп каражат алары талкууга түштү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районуна 2020-жылы республикалык бюджеттен 156,4 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган бюджеттин долбоорунда жазылган. 2019-жылы аталган районго 111,1 миллион сом бөлүнгөн.

Дубандарга келсек, Ош облусуна 636,2 миллион сом, Жалал-Абад облусуна 402,1 миллион сом, Чүй облусуна 160,7 миллион сом, Нарын облусуна 301,4 миллион сом, Талас облусуна 121,7 миллион сом, Ысык-Көл облусуна 111,9 миллион сом, Баткен облусуна 224,5 миллион сом бөлүнөрү пландалууда.

Кара-Суу - бул өлкөдөгү эң көп калктуу район болуп саналат. Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылдын башында аталган райондо 430 миң 814 адам жашайт. Салыштырмалуу иретте алып караганда, бүтүндөй Нарын облусундагы калктын саны 287 миң кишиден, Талас облусунда калктын саны 263 миң 500 кишиден турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
TalaCSKA
2019-10-18 15:56:53
Байкуш Ысык Кол бюджетке миллиардтап берип кайра эн аз алат экенда.Каракол шаарынын жолдору аяабай начар абалда! Кыргызстанга келген кышкы туристердин 90%ти дал ошол Каракол шаарына барышат.бийликте бет жок экен! Матраимовтордун районуна целый областын бюджетин болуп,нан тап берип жаткан областы шылдындагандай кылып.эй жексурлар жок дегенде туристерден уялсанар боло.бизге жолдорду ондоп бергиле!жылда эле болбогон майда тешиктерди жамай бербей!
+1
nursiyanur
2019-10-18 16:18:47
Карасуу да мамлекет боюнча эн чон базарлардын бири бар,казынага тузук эле акча тогот
+5
TalaCSKA
2019-10-18 17:27:11
nursiyanur, Матраимовтор без торможений пошлина менен алып келген товарлар мененби ?
+3
nursiyanur
2019-10-18 16:19:49
Мамлекетти Дордой мн Карасуу багап жатат почти
+5
mirkaa5182
2019-10-18 17:41:49
Кара-Суу район,Кыргызстанда эң чоң район болсо, калк саны көп болсо туура эле бөлүнгөн.
+3
Omush94
2019-10-18 22:36:40
Ошо кара сууда жашагандар кыргыздар болсо сүйүнмөкмүн дааа
+4
Aimani
2019-10-18 23:38:25
Супер инфо кунсоболунардан сурамжылап корбойсунорбу эмнеге Ысык-Көл облусуна акча ащ бөлүнүп берилген. Баткенден да аз экен го? Жолдору бүтпөй жатат. Балыкчы Корумду. Тескей жагын (юг) айтпай эле койгондо.
+3
Kamchybek-007
2019-10-19 06:55:20
Кара-Суу рулит красава финмин
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан