Акыйкатчы: "Алмазбек Атамбаевди СИЗОдо дарыгерлер күнүнө эки ирет текшерип турушат"

Акыйкатчы Токон Мамытов Алмазбек Атамбаев менен СИЗОдо жолукту. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.

Акыйкатчынын айтымында, тергөө абагындагы кармоо шарттар тууралуу Алмазбек Атамбаевдин эч кандай даттануусу жок. Анын абалы жакшы, камерада жалгыз отурат.

"Ден соолугу боюнча айта турган болсом, кан басымында гана бир аз маселе жаралып жатыптыр. Бирок медицина кызматкерлери күнүнө эки жолу аны өлчөп, саламаттыгына көзөмөл жүргүзүп турушат. Ал эми СИЗОнун кармоо шарттарына нааразычылыгы жок", - деген Токон Мамытов андагы сүйлөшүүлөрдү толук айта албай турганын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев 8-августта күч органдарынын атайын операциясынан кийин кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
filis
2019-10-18 15:39:08
Соке АШАнын олумун гана тилеп жатса керек.
-8
Bektur2011
2019-10-18 15:53:59
filis,Аны сага окшогон оюу бузуктар айтат. Атамбаев өлбөйт, ал жооп берет, кусат, уурдаган миллиондорун кайтарат! Аны ошол үчүн да 2 ирет врачтар карап жатат. Атамбаевдин өлүмү эмес, өмүрү керек. Аны бери дегенде 20-30 жыл кустурса болот. "Кумтөр" сыяктуу чыга берет жылдап. Анткени 6 жылда ашыкча жеп алган. Эми кусат!
+5
altyn-kumush
2019-10-18 15:54:16
Атамбаевди түрмөдө да жакшы карап турган тура. Анын ден-соолугу өтө маанилүү айрыкча психологиясы. Ал жасаган иштери үчүн жооп берүүсү кажет. Канчалаган мыйзамсыз иштерден кийин жооп бербей койгондугу эл алдында туура эмес болуп калар.
+6
Absamat-90
2019-10-18 16:17:25
Турмодогу шарттарды бир кезде АША озу тузгон, эми коруп жон тери менен сезип жатса керек. Бирок саясатчылар кармалганда ооруп, чыкканда айыгцып кетчу эле.
+3
elchi84
2019-10-18 19:50:11
АША бир чекеден айтыш керек ким акча жееген эмнелер болгон.Бул деген карыздарды төлөгөнгө жардам болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан