Орусиянын "Удивительные люди" телеберүүсүнө Кыргыз өлкөсүнөн барган 12 жаштагы "калькулятор бала" катышты

Кечээ, 20-октябрда Орусиянын "Россия-1" телеканалында өткөн “Удивительные люди” ("Таң калычтуу адамдар") телеберүүсүндө Кыргыз өлкөсүнөн барган Арсен Рахымбеков он орундуу сандарды 18 секундда кошуп, көрүүчүлөрдү таң калтырды. Бул тууралуу аталган каналдын сайтына жарыяланды.

"12 жаштагы Бишкектен келген окуучу 3-курстун студенттери менен эсеп чыгарууда жарышып, аларды такыр эле караандатпай койду. Ал келечекте эсеп боюнча көрсөткүчүн дагы тездетип, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү максаты бар", - деп айтылат маалыматта.

"Иним экөөбүз менталдык арифметиканы окуп баштаганбыз. Күн сайын жарышып, көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртып турабыз. Эгер иним болбосо, мындай ийгиликке жетмек эмесмин", - деп айткан Рахымбеков.

Маалым болгондой, Арсен Рахымбеков буга чейин Германияда өткөн оозеки эсеп боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышкан. Учурда ал Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде билим алат.

"Таң калычтуу адамдар" телеберүүсүнө катышкан 12 жаштагы Арсен Рахымбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asdef
2019-10-21 11:33:03
Коп чыгарбагыла коз тиет
0
Momun...
2019-10-21 11:54:07
Уауууу.... деп кое беле. Молодец.
0
aerforce
2019-10-21 12:14:55
Туу атаң жок дегенде 100кө чейин так санаганды үйрөнөйүн уят
+3
filis
2019-10-21 12:38:00
Молодец Арсен. Тан калыштуу. Азаматсын. Сендей билимдуу акылдуу уул кыздарыбыз коп болсун. Бир гана билимге ишениш керек. Асман эч нерсе бизге тушпойт.
+1
salimbek87.kg
2019-10-21 13:36:36
Кудай озу колдосун сени жаман көздөн сактасын ийгилик ийгилик жана ийгилик баракелде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан