Бүгүн, 19-октябрда Орусиянын Красноярск аймагында жарылган дамбадан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Красноярск шаарындагы башкы башкармалыгынан саат 15:00гө карата алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жок", - деди элчиликтин маалымат кызматы.
Дамба жарылган Щетинкино айылында жалпысынан 180ден ашык үй жайгашкан. Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, 12си жаракат алышкан дагы 15 адамдын тагдыры белгисиз экени айтылган.