Бишкекте патрулдук милициянын машинасы 2 окуучуну сүзүп кете жаздады (видео)

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2 окуучу баланы патрулдук милициянын автоунаасы сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу маалыматты окуянын күбөсү билдирди.

"Бишкекте саат 09:00 чамасында мамлекеттик номуру MVD294B болгон патрулдук милициянын автоунаасынын айдоочусу жолдун четинде өтмөктөн бараткан эки баланы сүзө жаздады. Видеодон автоунаанын жанындагы башка машиналар жолду бошотуп, токтошкону көрүнүп турат. Бактыга жараша окуучулар жабыркаган эмес. Ал эми патрулдук милициянын автоунаасы токтобостон, жолун уланткан", - деди ал.

Бишкек ШИИББинен маалыматты тастыктап, патрулдук милициянын автоунаасынын айдоочусу аныкталганын жана ага протокол түзүлгөнүн кабарлашты.

Бишкекте патрулдук автоунаа окуучуларды сүзө жаздады (Эскертүү! видеодо сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gute
2019-10-19 19:19:19
Эч мигалкасы жок эле кетип бара жатышкан экен.
Адам эмес эле айбандар
+6
aerforce
2019-10-20 15:48:21
Ушундай ак..тар көбөйдү урайындыкы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан