Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк банк: "Кыргыз өлкөсүндөгү жакырчылыктын деңгээли акыркы он жылда өзгөргөн эмес"

Дүйнөлүк банк Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жакырчылыктын деңгээли боюнча жаңы изилдөөсүн жарыялады. Анда Кыргыз өлкөсүндөгү жакырчлыыктын абалы акыркы он жылдан бери дээрлик өзгөрүлгөн эместигин жазды.

Маалым болгондой, учурда өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 20 пайызды түзөт. Бул жалпы өлкөдөгү элдин санынын 20 пайызы жакырчылыкта дегенди түшүндүрөт. Банктын изилдөөсүнө ылайык, аталган көрсөткүч 2009-жылдан бери өзгөрүлбөй келет. Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө Кыргыз өлкөсүндөгү жакырчылыктын деңгээли 2002-жылы 70 пайызды түзсө, 2009-жылы бул көрсөткүч 20 пайызга төмөндөгөн. 2019-жылга карата бул сандар өзгөргөн эмес.

Жакырчылыктын башкы көрсөткүчтөрү айыл жергесинде экендигин жазат банктын изилдөөсү. Кээ бир айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээли 40 пайызга чейин жетет. Жакырчылыктын башкы себептери айыл жергесиндеги жумушсуздук деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
gute
2019-10-20 11:55:43
Мамлекет элди бакпай эле эл мамлекетти, чаначтай депутаттарды, коррупцияга белчесинен баткан бийликти багып жатат.
+22
Bekturbek
2019-10-20 12:41:10
gute, Өзү мамлекет кимдерден турат? Биз эл мамлекетти көтөрбөсөк ким көтөрөт? Биз эл акылыбызды иштетпесек, орус элдери биздин Кыргызстандын өнүгүшүнө башын иштетип бербейт да. Биз эл өзүбүз оңолбосок, мамлекет оңолбойт!
-14
gute
2019-10-20 13:13:30
Bekturbek, Аны сен айтпасан деле Эл озу менен эле жашап келе жатат. Ошол элди оногонго элди онуктургонго туура багыт коргозгонго. Ким керек? Ошол мамлекетти туура башкарган адамдар керек. Азыркы чиновник, депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгы учун жумушка келишпейт. Алар оздорунун бизнесинин кызыкчылыгы учун келишет.
Ушундай болуп аткан маалда Эл силер озунор онуккуло деп таштап салыш керекпи ?
+14
Bekturbek
2019-10-20 16:46:46
gute,жол көргөзчү адамдарды,ким шайлап жатат?
-9
BarsBaatyr
2019-10-20 12:27:44
Бирок акыркы он жылда долларовый миллионерлердин саны кескин көбөйгөн.
-10
u02u02
2019-10-20 13:04:22
Бул деген соз кыргызстандын тарыхында эн мыкты президент Бакиев болгон дегенди тушундурот 2005_2009 жылдары жакырчылыкты 50 % томондоткон!! Мына 10 жылдан кийин болсода тарых таразалап жатат. Атамбаев тарыхта эн коррупциянер деген атка калат. Жээнбековка убакыт бериш керек
+8
Missing-u
2019-10-20 13:06:06
Демек,Бакиевтин доорунда жакырчылыктын проценти азайган экенда...Бизге билинбеген менен экономика которулуп карыздар азайган болчу деп жазып эле келишет,ошолорда корсоткуч болуп эсептелинип мынтип билинип калат экенда...
+8
Tolkun555
2019-10-20 13:27:47
Бакиевди кудай буюруп кайра президенттикке алып келсе эки жуздуу чиновниктер эмне кылаар экен?
-1
ALATOOLUK.JIGIT
2019-10-20 13:31:40
Бакиевдин убагында турмуштун онолгону кадимкидей байкалган.
+4
u02u02
2019-10-20 14:01:37
ALATOOLUK.JIGIT, минус случайно басылып кетти атак ++
-12
Kyrgyz_bloger
2019-10-20 15:09:23
Жалганчы окмот жана кошоматчылар жылда эле экономика мынча пайызга осту деп сайрашат го,корсо оздорунун жашоосу осуптур да,мурда лексус 470 минсе,азыр 570 минип калышты,эми дагы лексус 670 чыкса аны дагы алышса.
+7
u02u02
2019-10-20 15:51:56
Минус баскандар мойнунарга алгыла Бакиевтин убагында карызыбыз 3,5 млрддан 2 млрдга азайган жашоо турмуш биразда болсо онолгон Атасы бай келип кайра 4,5 млрд кылып коюп кетти бул ачуу чындык
+7
Qwer007
2019-10-20 17:13:21
u02u02,эн туура
-4
Losw
2019-10-21 03:34:42
Бакиев убагында жашоо кыйратып жакшы жакка озгоргон эмес. Бакиев кыйратып жиберди деп жаткандар баары жомокчулар...

Жакырчылыкты азайткан бийлик же Бакмев эмес, эл!!! 2006-2010-жж Россия ж.б. олколорго агылган мигранттардын саны кескин оскон. Ошол мигранттардын эсебинен вроде жакырчылык аздай корунуп келет...
-1
tina-Tin
2019-10-21 00:01:31
Бакиевдин убагында чынында жашоо озгоргон мен ошол убакта студент элем.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан