Кыргыз өлкөсүндө автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Өлкөдө автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мааылматка ылайык, мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен өкмөттүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

- юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;

- транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине "биргелешкен ээси" жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

- чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

- ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

- бардык каттоо иш аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Өкмөттүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнү эрежелери» жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду;

- медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;

- чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюлуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

- окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

- бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер менен жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
talant87
2019-10-20 19:11:00
Ошондо праваны качан берип каласынар ошону жаскыла
0
Azatbek.Svoboda.
2019-10-20 20:08:31
Биринчи айдоочулук куболук берип алышсынчы!Убактылуу айдоочулук куболук берип ана мына жаны келет деп журушот!
+1
urmat94
2019-10-20 20:23:14
Ошондо айдоочулук куболукту жоготуп алса сразу жанысын жасап береби? Тушунгондор айтып койгулачы
+1
KaGaH
2019-10-21 11:28:15
urmat94, теория жоюлуптур,вождение по городу тапшырат экенсиң,жаңы эреже боюнча
0
oscar
2019-10-21 00:51:21
Кыскасы штрафтарды оңой өндүргөнгө шарт түзүп берип жатат
0
Mister-X
2019-10-21 11:21:42
Айдоочулук куболук алганды татаалдаштырып койсо болмок. Кырсыктын баары эреже билбегенден болуп атат.
0
KaGaH
2019-10-21 11:30:51
Mister-X,Туура мен ушул жерге суроо жазам пдд боюнча билгендер сразу жооп беришет1.чем отличается равнозначная дорога от главной дороги?2.на перекрестке обгон разрешен иши запрещен? Жооп күтөм шоопурлардан ))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан