Өкмөт башчы кыргыз тили боюнча тест тапшырып, эң жогорку баа алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абылгазиев өкмөттүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды. Тестирлөө бүткөндөн кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты. Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин белгиледи. «Биз окутуу системин жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдир бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбошу дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек. Биз өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул тилди сактоо маселеси чыгып жатканын көрүп жүрөбүз", - деди Абылгазиев.

Анын айтымында, учурда өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүүдө, бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөөсүн, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттайт. Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүү абзел, болгондо да аны кемчиликсиз билүү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2019-10-20 20:52:41
Бийлик колдо турганда, кытай тилинен жуз балл алды десе да жараша берет да.
+25
katerina.li
2019-10-20 23:41:50
bond02,ой бооорум
+6
Syimyk.isaev
2019-10-21 00:42:00
Адахан Кимсанбаевич алган эле жогорку балл.
-5
Bektur2011
2019-10-21 16:28:11
Syimyk.isaev,Мадумаровду анда кыргыз тил мугалими кылыш керек. Мектепке барып сабак өтсүн!
+1
Wibee
2019-10-21 08:01:15
Сокечи?
-4
lotte
2019-10-21 08:51:27
Башты иштетиш керек башты
+3
altyn-kumush
2019-10-21 09:16:46
Мухаммедекалый Абылгазиев да сабаттуу экенин дагы бир жолу далилдеген тура. Ал расмий жана эне тилди да жакшы деңгээлде билери баарыбызга эле маалым.
+3
Erik2018
2019-10-21 09:18:53
Мамлекетик кызматтагы ар бир кызматкер кыргыз тилин толлук билүүсу кажет өкмөт баштап берген стафетаны башка тармактагы чиновниктер да уланса жакшы болмок
+2
Absamat-90
2019-10-21 10:24:17
Канда калыптынган тилди чануу мумкун эмес жана аны андан ары калыптандыруу оркундотуу бир эле премьердин эмес ар бир жарандын милдети деп ойлойм.
+2
Ernestinio
2019-10-21 16:00:34
Оз тилин жогорку денгеелде билуу - тилин суйуу, элин суйуу дегенди билдирет. Элин суйгон адам эч качан элине каршы иштебейт жана элине зын тийген проектерди колдобойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан