Билим берүү министри Каныбек Исаковдун мектептерде жана бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган буйругу иштебей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Чынара Апиева айтты. Анда министрдин буйругу ушул жылдын 1-октябрында чыккан, ага карабай айрым мектеп директорлору ата-энелерден мурдагыдай эле акча топтоп жатат деген оюн билдирди.
"Биз буга чейин нааразычылык акцияларына көп чыкканбыз. Массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы мүдөөбүздү айтып келгенбиз. Акыры аракетибизден майнап чыгып, акча чогултууга каршы буйрук чыккан. Бирок бүгүнкү күндө бул буйрук аткарылбай жатат. Буга далил катары ата-энелер түзгөн атайын топтордон келип жаткан маалыматтарды айта алабыз. Алгач борбордогу мектептерди айтсак, алар:
"Бул маалыматтардын баарын биз документалдуу түрдө тастыктап бере алабыз. Албетте, өлкө ичиндеги мектептердин абалын жакшы түшүнөбүз. Бюджеттен бөлүнгөн акча жетишсиз, балдарыбыз сапаттуу билим алсын, шарты жакшы мектепте окусун деп буга чейин сураган акчаларын унчукпай берип келгенбиз. Бирок акыркы жылдары ыктыярдуу аталган мектеп төлөмдөрү көптөгөн ата-энелерге оорчулук жарата баштады. Ар кайсы мектепте ар кандай көлөмдөгү акчалар чогултула баштаган. Бирок ошого жараша, акчалардын каякка жумшалып жатканы тууралуу көзгө көрүнүктүү отчёт берилген жок. Андан тышкары, кандайдыр бир себептер менен акча бере албаган окуучуларга моралдык жактан басым көрсөтүлүп баштады. Бул мыйзам чегинде каралуучу кылмыш иши", - деди жарандык активист.
Андан тышкары, аймактардан келген маалымат боюнча, Караколдогу мектептер "министрдин буйругу Бишкек, Ош шаарларына гана тиешелүү" дешсе, Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы мектептерде дагы фонд жоюлбай, мурдагыдай акча топтоолор уланууда деген маалымат келип түшкөн.
Жарандык активисттин айтуусуна караганда, "бала бакчаларда дагы абал өзгөргөн эмес, бирок Бишкекте балдарды бала бакчага берүү чоң көйгөй жараткандыктан, алардын ата-энелери маалымат берүүдөн баш тартышты", - деп кошумчалады.
Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүнүн конституциясында "мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында билим алуу акысыз" деп жазылган.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы пикирин жарыялоого даяр.