Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда, буга байланыштуу биздин өлкөдө бул багыт жашыл экономиканынын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары карылышы керектигин белгиледи.

"Экологиялык жактан таза транспортко өтүүнүн негизги жана артыкчылыктуу себеби – бул айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттарды кыйла азайтуу, экологияга кам көрүү болуп эсептелет. Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин баса белгиледи. Ал мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен учурдагы чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Мухаммедкалый Абылгазиев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары, транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.

"Лизингдик программаларды ишке ашырып баштоо үчүн электромобилдерди өндүрүүчүлөргө инвестициялык сунуштарды даярдоо керек. Ошондо жыл сайын мамлекеттик органдардын автопарктарын камсыздоого сарпталган каражаттарды мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келтирбестен, лизингдик программаларды ишке ашырууга жумшоого болот", – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altyn-kumush
2019-10-21 17:37:01
Электромобильдер экологиялык жактан өлкөбүздүн атмосфераынна зыянын тийгизбейт. Бүгункү күндө машиналардан чыккан уулуу газдар адам өмүрүнө коркунуч жаратып ар кандай илдеттерди өзү менен кошо алып келүүдө. Электромобильдер атмосферага гана эмес инсандык ден-соолугуна да коопсуз. Мындай кадам аркылуу өкмөт глобалдык проблеманын алдын алып жаткан тура.
+2
Ernestinio
2019-10-21 17:47:48
экологияга кам коруунун эн жакшы жолу.
+3
mirkaa5182
2019-10-21 18:45:12
Өкмөт башчы жакшы иш көтөрүп атыптыр аны колдоого алыш керек, элетромобиль экологияга да зыяны жок, адамдын капчыгына да пайдалуу.Бензин куйбай жыргап минип каласын.
+1
Flowhive
2019-10-21 19:59:54
Туура бирок Узбекистан 3000 доллар турган электр унааларды чыгарабыз деп жатышат, бизде да ушундай болсо го.мен эртең эле отмокмун электр унаасына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан