Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу жана жайкы дөңгөлөктөрү менен жүргөн жеңил автоунааларга чектөө киргизилди

Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу жана жайкы дөңгөлөктөрү менен жүргөн жеңил автоунааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад областтык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүнө ошондой эле Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жаагандыгына байланыштуу 21-октябрь күнү саат 19:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Арал" көзөмөл өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу жана жайкы дөңгөлөктөрү менен жүргөн жеңил автоунааларга чектөө киргизилди. Ошондой эле Жалал-Абад областтык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган тараптарга сапар алган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкы мезгилге ылайык алмаштырып жолго чыгууну эскертет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2019-10-22 08:01:37
Ииий тиргилик деп жук ташыган аталарыбыздын жолу дайым ачык болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан