Педагогикалык билимине карабай, бардык мугалимдер 30 пайыз жогорулатылган айлык акы алат

Октябрь айынан тартып Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мугалимдер педагогикалык билимине карабай, 30 пайыз жогорулатылган айлык акы ала алышат.

Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин билдиришинче, туура эмес маалыматтар жана түшүнбөстүктөр жаралгандыгы үчүн аталган мекеме маянаны жогорулатуу шарттарын дагы бир жолу эскертүүнү туура көрүшкөн.

"Кыргыз өлкөсүнүн "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык, мектепте мугалим болуп профилдик педагогикалык билими барлар гана иштей алат. Азыр Кыргыз өлкөсүндөгү мугалимдердин болжолдуу 2,5 пайызы бул талапка жооп бербейт. Бирок кайсы бир адистик боюнча орто же жогорку билимге ээ.

Жогорку жана орто билимге ээ болгон педагогдордун окуу саатынын баасы буга чейин да айырмаланган эмес. Окуу саатынын баасы көтөрүлгөндөн кийин төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

- орто кесиптик педагогикалык билимдүү адистердин бир сабагы - 60 сомдон 78 сомго чейин;
- бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 67,5 сомдон 87,8 сомго чейин;
- адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 75 сомдон 97,5 сомго чейин.

Токтомдо окуучулардын билим пайдубалын түптөгөн мугалим жана педагогдордун айлык акысын жогорулатууга приоритет берилген. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлык акысынын көтөрүлүшү төмөндөгүдөй болот:

- орто кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 78 сомдон 93,6 сомго чейин;
- бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 87,8 сомдон 105,36 сомго чейин;
- адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 97,5 сомдон 117 сомго чейин.

Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы менен азыркы учурдагы бардык кошумча төлөмдөр (бийик тоолуу райондор жана башка) сакталат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2019-10-22 11:28:56
Коомдо билимдуу акылдуу жаштардын кобойуусун кааласак мугалимдердин статусун жогорулатуубуз керек. Билим башаты болгон мугалимдерден келечек туптолот.Балдарды туура багытта тарбиялап билим денгээлин которуу ушул адамдардын колунда.
+2
Gulipa
2019-10-22 12:55:59
Орто кесиптик колледждерде очный окуп билим алып иштеген мугалимге 93,6сом,Россияда же барбай эле акча менен заочный,магистрди бутургон,жаны ишке кирген мугалимге 117 сомдон толонот, ушул адилеттуулукпу
Бирдей эле мээнет кылып,билим беришет.Ошондо Жогорку окуу жайга(высш)толоп окуганга шарты жетпеген студенттер,Орто окуу жайдагы келечектеги мугалимдер иштегиси келбей калабы
+2
Gulipa
2019-10-22 13:00:48
Андай болсо орто окуу жайларды жапсын,пед.фак.га тапшырган студенттер ансыз да азайып баратат,высш.пед.фактардын контракттарын арзандатсын, ансыз да карапайым уй-булонун балдары эле окуйт,мугалимдик кесипке
+2
Flowhive
2019-10-22 14:44:03
Директорлорду да текшериш керек,келин тууган уругун ишке алып айлык көбөйгөн сайын
+2
gute
2019-10-22 15:30:22
Мамлекет айлыкты кобойткону менен кайра эле мугалимдердин кобун жумуштан алып сааттарды кыскартып койду.
Айлыкты кобойтконунордон кандай толк анан ?
Кайра эле жумушсуздук осуп жатпайбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан