Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кубанычбек Жумалиев "Солтон-Сарыдагы кенди кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?" деп сурады.
Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев толук маалыматы жоктугун айтты. "Бирок Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги иштешүүгө даяр экенин билдирди" деди Алыбаев.
Депутат Кубанычбек Жумалиев кылмыш иши өзүнүн процедуралары менен жүрө берерин, бирок кытайлык инвесторлор менен келишимди бузбоо тууралуу оюн айтты.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе боюнча комиссиянын чечимин күтүш керектигин билдирди.