Биз социалдык тармакта

Биринчи вице-премьер сырттан карыз албай, бюджетти жабуу аракеттери жүрүп жатканын айтты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бюджет жыл сайын инерция менен өсүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 22-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Учурда биз тыштан карыз албай туруп, бюджетти жабуу аракеттерин көрүп жатабыз. Негизи жылдан жылга шарт жакшырууда. Андыктан аракет кылсак, 2020-жылга карата таңкыстыгы жок бюджет менен киребиз", - деди Боронов.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер министр мамлекет кичинекей болгондуктан, дүйнөлүк экономиканын абалынан дагы көз каранды экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bektur2011
2019-10-23 09:13:08
Атамбаевдин доорунда жыл сайын бюджеттин тартыштыгы 22-25 млрд. сомго чейин болуп келген. Аны сырттан келген карыздар жана гранттар менен жаап келген. Азыр бул тартыштык 5 млрд. сомго чейин кыскарды. Буйруса эми бюджеттен акча ашат.
+4
altyn-kumush
2019-10-23 09:22:17
Мамлекеттүүлүктүн сакталышы үчүн азыркы бийлик колдон келген аракетин жасап жатат. Тышкы карызды азайтуу менен бирге эле ата мекендик өндүрүшкө көп көңүл буруп аны өнүктүрүүнүн камылгасын көрүп жатат.
+5
Erik2018
2019-10-23 09:32:17
Ошондой эле болсун АШАнын алган карызы кокого жеткирди, шакал кыргызга чыныгы душмандык кылып кетти
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан