Кыргыз дизайнери Ильзат Каримов ойлоп тапкан шам чырак эл аралык сынакта жеңүүчү аталып, эми дүйнөнүн 55 мамлекетинде сатылат. Ал эл аралык "Мантра. Свет. Всё просто" аттуу сынакка катышып, жеңүүчү болду.
Кыргыз дизайнеринин Garza ("Көк кытан") аталышындагы шам чырагы сынакта 1-орунду алган. Сынактын калыстары катары архитектор, дизайнер жана ойлоп табуучулардан турган.
Каримовдун шам чырагын Испан фирмасы көп өлчөмдө чыгарып, дүйнөнүн 55 мамлекетинде сатып баштайт. Сатыктан түшкөн каражаттын бир канча пайызын бир жыл бою шам чырактын автору алып турат.
Ошондой эле сынактан Ильзат Каримовго 2 миң евро акчалай сыйлык ыйгарылган.