Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеш сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууну тыюу салган мыйзам долбоорун колдоого алган жок

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңеште сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам доолбоору каралды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Экмат Байбакпаевдин пикиринде, азыркы учурда жандуу жаратылыш жабыркап, сейрек кездешчү жапайы жаныбарлар четинен жок болууда.

"Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же фонддордон караштырса болот", - деди ал.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. "Мыйзам кабыл алынып калса, агенттикке кошумча иш-милдеттер жүктөлөт. Анан аны аткаруу алкагында кошумча техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, жаңы жумушчу орундарын ачуу үчүн кошумча каражат талап кылынат. Ошондуктан биз буга азырынча даяр эмеспиз", - деди ал.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун колдогон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-X
2019-10-23 19:00:04
Депутаттар оздору да анчылыкка чыкпай калмак да. Чимкириктерге баары бир эмесби
+6
BekAmir
2019-10-23 20:10:14
анда акча жасай албай калышат чондор
+6
tular
2019-10-23 22:32:52
Элдияр Шерипов сен ошол жерде бизге кошумча иш-милдеттер жүктөлөт деп жумуштан качпай иштесең иште, иштебесең кеткинда, жөн эле отура бербей. Ал жакта иштебегенден кийин бок жеп отурасыңбы!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан