Биз социалдык тармакта

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министрин Кыргыз мамлекетине чакырды

Бүгүн, 23-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз-Япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков япон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргыз мамлекети Япония менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктеги чоң потенциалды белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргыз мамлекетине келип кетүүгө чакырды.

Синдзо Абэ Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз өлкөсүнө чакыруусун ыраазылык менен кабыл алды.

"Мен сиздердин өлкөңүзгө кубаныч менен барам" деди Япониянын премьер-министри. Ал президент Сооронбай Жээнбековду дагы Японияга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KAYRATBEK
2019-10-23 18:42:15
Азыркы биз жасап жаткан IDтехнологиясын кытайларга эмес япондорго бериш керек эле.
+5
u02u02
2019-10-23 18:52:04
Озунузго ынгайлуу убакта барып кичине тыйын тыпыр таштап кетиниз деп коюнуз))
+4
altyn-kumush
2019-10-23 19:07:57
Жээнбеков кызматка келгенден бери кыйраган тышкы саясатты калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Территориалдык жактан стратегиялык мааниге ээ өлкөлөр менен байланышты түзөдү. Дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Назарбаевге аша балп дей коюп канча чек арада жана соодада кыйынчылыктар жаралды. Тажикстан менен чатак чыкканда карап да койгон жок. Кытайдан болсо олжойтуп кредитти алып карызга батырды.
-3
Abdizhapar
2019-10-23 20:37:13
Чакырып барып журуп эле 6 жыл отуп кетет экен да
+5
elchi84
2019-10-23 21:43:50
Япондор технологиясы дүйнөдө алдынкы орунда турат инвестиция тартканда ушул Япония Корея Европа жактан тартса жакшы болмок.Кытай ишенбешибиз керек алар жерлерибизге эле кызыгып жатат .
+4
Arlenchik
2019-10-24 15:23:17
Сооронбай з.....экенсин,шайлангандан бери бир алгылыктуу иш кылбай эле айылчылап,кээ бирин чакырып коноктоп, анан болбогон бир нерсени кылып озун пияр кылып, мылжындап суротко тушуп эле журот,бул келгени алдыга эмес артка тарта баштады, иштей албайбы кетпейби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан