2020-жылдын январь айынан тарта 166 товар чек арадан жаңы бажы салымдары менен өтүп турат. Бул тууралуу кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ага ылайык, 166 товардын ичине автоунаа дагы кирет.

"
Эгерде буга чейин бир автоунаага болгон бажы салым 500 долларды түзсө, жаңы жылдан тарта 5 миң долларга чыгаары белгилүү болду. Айтылып жаткан 166 товарга болгон бажы салымдар дагы кымбаттаса, бул ишкерлерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биздин ишкерлер Турция, Кытай мамлекеттери менен иштешет. Алар бул 166 товардын аттарын дагы, кандай товарлар экенин дагы билишпейт", - деди депутат.