Чүйдүн Аламүдүн районунда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 16 жаштагы кызы 21-октябрда үйдөн чыккан боюнча кайра кайрылып келбегенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган. 23-октябрь күнү Жайыл районунан изделип жаткан кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле кыз менен милиция кызматкерлери сүйлөшүү иштерин жүргүзүшкөн.