Депутат Тариел Жоробеков жылдан жылга пенсияга чыккан жарандардын саны жогорулап бара жатат, бирок киреше булагы жок жаткандыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев: "Жылдан жылга пенсионерлердин саны өсүүдө. Кээ бир жарандар жаш курагы жете электе, мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктердин негизинде пенсияга чыгып жатат. Бул нерсе пенсиялык жана республикалык фондго таасирин берип турат. Учурда жарандар ардактуу эс алуунун 17 түрү боюнча чыгат. Андыктан айрым категорияларды жоюу керек", - деди ал.
Мындан тышкары, иштебей же социалдык фондго салык төлөбөй туруп көмүскө айлык алгандар дагы таасир берип жаткандыгы айтылды.