Бишкекте таза суу акысы кымбаттады. Жаңы тарифтер 15-ноябрдан тарта күчүнө кирет

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерин бекитүү жөнүндөгү" долбоор талкууланды. Тарифтер боюнча долбоорлор 4-июлда Бишкек шаардык кеңештин сайтында жарыяланган.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарифтерди жогорулатуу боюнча долбоорду колдошту. Жаңы тарифтер 2019-жылдын 15-ноябрынан тарта күчүнө кирет.

Суу менен жабдуу – ичүүчү сууну берүү (1 куб метр үчүн) калкка 8 сом 10 тыйын болсо, бюджеттик уюмдар үчүн 9 сом 10 тыйын. Ал эми башка колдонуучулар үчүн тариф 13 сомду түзөт. Ал эми сууну бөлүштүрүү, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо (1 куб метр үчүн) салыксыз калк үчүн 2 сом 30 тыйынды түзсө, бюджеттик уюмдар үчүн 3 сом, ал эми башка колдонуучулар 6 сом төлөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
patiydin
2019-10-24 20:34:16
Биздего ушундай экен. Башка олколордо баа кандай экен?
0
Absamat-90
2019-10-24 22:04:28
Башка өлкөлөрдө бензинден кымбат турат таза суу.
-1
altyn-kumush
2019-10-24 22:22:33
Таза суунун да колому азайып баратат. Уномдуу жана сарамжалдуу пайдалануу зарыл. Баарысы бир кун келип бутот эмесби, суу дагы бир берилген аманат да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан