Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды

Бүгүн, 24-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт мамлекетинин эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду. Мамлекет башчы Кувейт тарапка ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөктөшүүсү жана өлкөнүн калкынын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети Кувейт менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары аймактык өнүктүрүү, айыл чарба, санариптештирүү, социалдык объектилерди куруу жана туризм тармактарын атады.

Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль Маатук Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз калкынын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн мындан ары да социалдык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Ал ошондой эле Кувейт тарап Кыргыз мамлекети менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
altyn-kumush
2019-10-24 23:03:48
Президент тышкы саясатты жандантууга катуу бел байлады. Ар бир жасап жаткан кызматы эл учун, келечек учун. Баарыбыз колдошубуз керек. Олконун келечеги ар бирибизден коз каранды!
-6
Absamat-90
2019-10-24 23:16:28
Кытайга караганда Кувейт мн кызматташуунун плюстары коп. Президенттин инициативасын колдойлу. Ар бир жасалып аткан иш биздин келечек учун
-3
elebes86
2019-10-24 23:25:17
Арабтар ислам аркылуу оздорунун эски салтын бизге жайылтып жатат. Исламга аша чаап берилуу бизге жакшылык алып келбейт. Исламга берилбейлик. Азыркы молдолор опасный болуп калды. Динге шылтоолоп арабтардын салтуу коз карашын дуйно таанымын дин деп бизди алдап жатышат.
-4
osor
2019-10-25 03:57:38
Арабдарда президент ким айткылачы? Алардын только Ханы бар менин билишим боюнча это значет Жээнбеков не просто так принял его деги эле тышкы саясат бул просто причина 4 жылдан кийин эмне болот ошону ойлоп жатат а аны учун кошуналар менен жакшы болуш керекта или Атамбаевге окшосунбу?
-3
altyn-kumush
2019-10-25 08:00:47
osor,ой-жугуртуун ниже минимума экен
-3
osor
2019-10-25 03:59:46
Эл ажосуз эле оокатын кылып келетат этого они очень хорошо знают качан элди ойлойсунар? Эч качан доля деген нерсе адамды азгыратта
-1
altyn-kumush
2019-10-25 08:01:51
osor,жазганынды окуп чыктынбы? жазганды уйрон биринчи
-3
elchi84
2019-10-25 11:36:24
Минустарды ким эле басып жатат.?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан