Бишкекте Москва көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн Исанов, Логвиненко жана Панфилов менен кесилишкен бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу жабылды. Оңдоо иштери эртең менен саат 08:00дөн кечки саат 18:00гө чейин жүрөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан, меймандарынан жана айдоочулардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт. Москва көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери сентябрь айында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан