Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.
Эсеп палатасынын өкүлү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишинде 25 миллион сомдон ашуун мыйзам бузуулар аныкталгандыгын билдирди. "Бул сумманын 14 миллион сомдой каражаты негизсиз эле айлык акыларга кошумчаланган. 1,9 миллион сом максаттуу пайдаланылган эмес. 5 миллион сомдук дебитордук карыздарды жаап-жашыруу болгон”, - дейт ал.
Фонддун төрайымы Элнура Боронбаева Эсеп палатасынын жазган 29 эскертүүсүнүн алтоосу жоюлганын, калгандарын аткаруу жүрүмүндө тургандыгын маалымдады.