Чүйдүн Ысык-Ата районунда 17 жаштагы кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча 17-октябрдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кундуз Кубатбек кызы 17-октябрь күнү саат 07:30 чамасында Ивановка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен.
Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, көзү күрөң, оозунда калы бар.
Кийип жүргөн кийимдери: кызыл жашыл түстөгү кардиган, көк түстөгү көйнөк, жынсы шым бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Кимде-ким Кундуз Кубатбек кызы тууралуу маалымат билсе Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 61-69-07, 0707 25-79-02, 102.