Кашкар Жунушалиев: "Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кылмышты уюштурууга да, ишкерди өлтүрүүгө да мурдагы милиция кызматкерлери шектелип жатат"

Киши колдуу каза болгон ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кылмышты уюштурууга да, ишкерди өлтүрүүгө да мурдагы милиция кызматкерлери шектелип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Акипресс маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Бул кылмышты уюштурган Курманалиев 2016-жылы опузалап талап кылуу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Андан соң ал жумуштан бошотулган. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери 2010-2014-жылдары иштеген. Учурда бул иш боюнча 4 аткаруучу жана 3 катышуучу кармалган.

Бул жерде ачык эле тоноо болгон. Маркумду тоноо максатында анын артынан аңдышкан. Ошондой эле "Мадина" базары тарапта маалымат берип турган булагы да болгон. Учурда криминалдык милиция кызматы иштеп жатат. Маркум чет өлкөлүк жаран болгондуктан, бул иш өзгөчө көзөмөлгө алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун жанында 70 миң сом акча бар болгон. Шектүүлөр ал акчаны алып, дагы да талап кылышкан", -
деген Жунушалиев маалымат агенттигине берген маегинде.

1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
muras111211
2019-10-25 13:17:23
Өлтүргөнү да ,уюштурганы да жазасын алсын.
+2
Absamat-90
2019-10-25 14:09:16
Таптакыр конул кош мамиле жасаган жок, шектуулор бар деп жатат. Мыйзам чегинде каралат.
-2
kamchatka
2019-10-25 14:15:32
Кашкарчик ордуну бошотуп койсон жакшыле сен келгенден бери криминал болуп корбогондой баш котруп жыргап жатышат жумуштан кетип калсан мамлекетке ак кызмат кылган болоор элен!
+8
altyn-kumush
2019-10-25 14:34:55
Жунушалиев мыкты кадр. Аны каралап, ар кандай жалган жалаа жазылып жатат. Кашкар мырза менен Атамбаевдин сүйлөшүүлөрү видеого тартылбай калган. Бирок ошентсе 2-операция күнү Атамбаев мунун буйругу боюнча кармалган.
-9
lightning57
2019-10-25 16:52:58
Учоосу тен эчнерсе болбогондой турат го,значит кылмышты мойнунарга алып койсонор калганын озум бутором дегенго,калп эле иштеген адам болуп.Бизде озу кылмышкерди кочодон эле кармап келишет да моюнга алдырышат.Деги аман болушсун ушулар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан