Бишкектеги "Аккула" ат майданын оңдоп-түзөө үчүн долбоорлорго ачык сынак жарыяланган. Анын жеңүүчүсү Бишкек мэриясынын атайын калыстары тарабынан аныкталды.
"Сынактын жыйынтыгында Алымбек Абраимовдун жетекчилиги алдындагы долбоор жеңүүчү табылды. Бул долбоор эми кылдат түрдө каралып, жумуш иштери башталат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 50,9 гектар ат майдандын жери Бишкек мэриясына кайтарылган. Дагы 3,2 гектар жерди кайтаруу иштери жүрүп жатат.