Депутат өкмөт ундун баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүшү керектигин айтты

"Ун социалдык мааниси бар азык-түлүккө кирет, ошондуктан калктын аялуу катмарынын капчыгына күч келбеши керек", - деп бүгүн, 25-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Депутат өкмөт ундун баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүшү керектигин айтты.

"Мисалы, бир килограмм ундун баасы – 50 сом. Ал эми бир үй-бүлө айына бир топ ун пайдаланат. Өкмөт ун баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүшү керек", - дейт депутат.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун айтымында, өкмөттүн токтому менен социалдык мааниге ээ болгон 14 позициядагы азык-түлүктөрдүн тизмеси бекитилген. Ошондуктан аларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилген. "Бирок мамлекет товардын наркы 30 күндүн ичинде 20 пайыздан ашуун көтөрүлүп кеткен учурда гана кийлигише алат. Акыркы айда ундун баасы орто эсеп менен 3,5 пайызга, ал эми айрым аймактарда 17 пайызга көтөрүлдү", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kyrgyz_bloger
2019-10-25 23:37:33
Оой эл журт Кямран Аббасов чемпион болду чыгыргыла жанылыка куттуктагыла окмот кичине да болсо конул буруп койгула.
+3
shankol88
2019-10-25 23:56:59
Ундун баасы чындыгында көтөрүлдү ушун карап көзөмөлдөгүлө аягына чыккыла айтылып калып кетет даймале...
+2
maksel2009
2019-10-26 10:24:40
Пенсия айлык которулду деп унду да которуп салыштыго
+1
Jelezo
2019-10-26 12:17:00
Бааны базар аныктайт өкмөт эмес. Товар көп болсо арзандайт аз болсо кымбатайт.
+2
elchi84
2019-10-26 17:52:19
Бир килограмм 50сом дейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан