Бишкекте бала бакчадан жалгыз чыгып, адашып жүргөн баланы табышты

Кечээ, 25-октябрда Бишкек шаарынын Юнусалиев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн болжол менен 3-4 жаштагы бала табылган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

"Адашкан бала саат 18:30 чамасында 3-кичи райондун аймагында жүргөн. Ал бала бакчадан чыгып, бирок чоңдорго кайсыл жакта жашарын түшүндүрө алган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар бул окуя тууралуу маалымат түшкөнүн тастыкташты. Учурда бала барып жүргөн бала бакчанын жетекчилиги суракка чакырылганы айтылды.

Маалым болгондой, бала ата-энесинин колуна аман-эсен өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
muras111211
2019-10-26 17:30:01
Жетекчи эмес тарбиячылардан сурак кылыш керек,каякты карап отурушат.
+1
raykray
2019-10-26 20:38:21
muras111211,жетекчида куноолуудой бир чети, жетекчи катуу жерде тартип катуу болотда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан