Япония жакынкы беш жыл ичинде 350 миңге чукул жумушчу визасын бергени жатат

24-октябрь күнү Кыргыз жарандарын Японияга жумушка тартуу тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Юстиция министри Кацуюки Каваи менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айдарбеков япон компанияларында иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын дарамети жөнүндө айтып берди. Ал 2018-жылдын декабрында Иммиграциялык контролдо жана качкындар жөнүндө мыйзамга толуктоолор киргизилгендигин, ага ылайык 2019-жылдын 1-апрелинен тартып Япония “1-атайын көндүмдөр” жана “2-атайын көндүмдөр” деген визалардын эки жаңы категориясын киргизгендигин айтып өттү. Ал Кыргыз тарап жогоруда айтылган категориядагы визаларды берүүнүн талаптарына ылайык кадрларды даярдоо боюнча ишти жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ага удаа Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын эмгектик резервдери жөнүндө маалыматты япон компанияларынын арасында таркатуу боюнча кеңири ишти жүргүзүүдө. Аны менен бирге Айдарбеков Кыргыз жарандары үчүн визалардын жаңы категорияларын киргизүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары боюнча япон тарабынын пландары жөнүндө кызыкты.

Каваи аталган визалардын категориялары 2019-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгендигин тастыктады. Ал жаңы эрежелердин алкагында 5 жыл аралыгында курулуш, кызмат көрсөтүү, автомобилдерди тейлөө чөйрөсүндө жумуштар үчүн 345 150 виза берүү пландалып жаткандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жумушчу деңгээлде консультацияларды улантууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Beks0207
2019-10-26 14:52:56
айлык кандай болду екен
+8
elchi84
2019-10-26 14:53:07
Жакшы иш экен !Кыргызстанда жумуш жок Япония Корея Норвегия Араб мамлекеттерине виза ачып ишке орноштуруга жардам берсе абдан жакшы болмок.Жарандарыбыз кээ бирлери Россия Казакстан мамлекеттерине барып аз айлык алышып убакытын өткөзүп эле жүрүшөт.Мамлекет жок дегенде ушундай маселелерди чечип берсе жакшы болмок.
+16
Qwer007
2019-10-26 16:23:31
Админ ал визаны кайдан,качан, кандай шарттар менен алса болот кененирээк маалымат таап окурмандарга жеткизип коюнуздарчы сураныч
+8
Qwer007
2019-10-26 16:24:19
Маалымат берип койсонор ото чон соопко эле каласыздар
+8
Nazaralikarakulja
2019-10-26 21:05:54
Кеттик Япония га эмне жумуш кылыш керек экен
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан