"Биз да Кудайбыз, бизге да кылмыш ишин козгогула". Милиция Арстан Алайдын тарапташтарына кылмыш ишин козгобойт

Милиция кызматкерлери өзүн Кудай атаган Арстан Алайдын тарапташтарына кылмыш ишин козгобойт. Бул маалыматтын ырас экенин SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Буга чейин Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 3 миң сомдон айып пул салынган. Мындай жазага нааразы болгон Арстан Алайдын тарапкерлери арыз менен сотко кайрылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу") боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Анын "Кудаймын" деген сөзүнө диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
lightning57
2019-10-26 17:56:46
Озуу мамлекеттин денгээли тиги болсо,кылаарга иш таппаса эле ким тукуруп жатат,ким коп тамак жеп койду штраф деп эле турушат экен эй. Лишь бы жеп эле турушу кк да
+7
katerina.li
2019-10-26 18:42:39
Башка олколор ХХХХ кулуп атышса керек бизге
+13
bond02
2019-10-26 19:21:08
Бул жоолукчан аялдардын куйоолору каякты карап журот экен.
+15
Kyrgyz_bloger
2019-10-26 20:44:27
Кыргызстанда баардык сайттардан эн коп ушул суперде тенирчилер атеисттер бар экен,кысып эле жашагылачы.
+19
jigit.paren
2019-10-26 20:55:18
Арстан Алайды Хххх го десем бул жакта да мээси тегеренип калгандар толтура го, Аллах өзү кечирсин!
+22
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-26 21:29:56
Оноу катындар да ушу тараптабы тооба?
+5
Nazaralikarakulja
2019-10-26 21:32:46
Мен Кудайынармын деп журот фароондой шакирттерин кошуп камап салыш керек
+10
Ma9
2019-10-26 21:54:26
Кандай кудайдан коркпогон адамсынар тоба
+11
Tai19
2019-10-26 22:12:31
Кантип коркпой жазып атасынар!кантип коркпой айтып атасынар!!!окуп алып мен коркуп кетип атам бир кун бизге ушу тенирчилердин айынан наалат келбесе экен деп!проста камап койбой ХХХХ
+15
Agayu
2019-10-27 00:55:21
Акылдан айныгандар өзүн Кудаймын дейт ! Булар бир уюмду колдогон жамааттар . Алар акчасына мас болуп жок жэрден байлык келип атса конечно Кудаймын деп мусулманчылыкка болгон күч аракеттин жумшайт да .Менин оюм ошондой .Мен эч кимди жаман деп күнөөсүн алгым келбейт , бир гана бизди жараткан Аллах гана өзү билет .Ошол Аллах Тааланы тааныттырып бизге жакшы жэткирген Мухаммед С А В сансыз салаваттар жана Аллах Таалаана чексиз шүгурлөр болсун !!! Ар бир адам баласына жакшы ыйман адеп ынсап берсин !
+14
mirkaa5182
2019-10-27 02:26:34
Кудай өзүң кечир ушуга окшогон пенделерден...
+11
Tima0304
2019-10-27 12:31:57
Тенирчилер терилип чыгып алыптыр го
+6
Alitai
2019-10-27 22:31:34
Ээ аллахым ушул жолунан адашкандарга озун ыйман берекор тообо кылдым
+4
Mister-X
2019-10-28 00:32:02
Мен супер инфодо да тенирчи,атеист болгон адамдар барбы деп шекшип кетем.
Ар ким озунун акылы менен кудайды тааныйт.Жараткан Аллахтын бар экенин табигаттан, жаратылыштан, адамды башкалардан жогору кылып жараткандан эле билсе болот го.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан