ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков Макаров тапанчасынан ок атууда биринчи орунду алды

ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков тапанча атууда биринчи орунду алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

24-октябрдан баштап Бишкектин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы өтүүдө. 25-октябрь күнү күч структураларынын арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеште Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков 87 балл топтоп, биринчи орунду багындырды. Ал эми экинчи орунду Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, 3-орунду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алды.

Бүгүн, 26-октябрь күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев күч структураларынын арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеште биринчи орунду алгандыгы үчүн Сүйүн Өмүрзаковду диплом, алтын медаль жана атайын Кубок менен сыйлады

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Agayu
2019-10-26 17:32:26
Бизге эмне пайда биринчи орунду алса !! Бүт баары Рекеттер болушса..
+7
toktor89
2019-10-27 11:40:00
Agayu,пайдасыган зыяны коп де
+5
elchi84
2019-10-26 17:45:59
Ок атышып жарышып жыргап жүрүшөт кылмыштарды алдын алып же кылмыштарды ачып дегендей ошого убакытын бөлүшпөй бу.
+5
lightning57
2019-10-26 17:59:30
Бул жанылыктын кимге пайдасы бар,же мактанып жатканыбы.Негизи бул анын милдети да,анан эле кээ бир министрлерге окшоп кыргыз тилден 5 алдым дегендей эле догурунуп милдет кылышкандай го.Бул жакта туруп мен уялып кетем ушинтип болбогон нерсе мн мактана беришкенинен
+4
Nazaralikarakulja
2019-10-26 20:52:30
Охоо Суйун Омурзаков жарагыдай
-5
titanik32
2019-10-27 09:21:11
Азамат экен анда Сүйүн брат.Чозмо(рогатка)менен да мелдеш болсо мени чакыргыла мен да түз атам.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан