Жогорку Кеңеште кийинки аптада кыш мезгилине карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган маселе 30-октябрда каралат. "2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынат.
Мындан тышкары, жыйында 3 маселе талкууланмакчы. "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору, “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору каралат.