Бүгүн, 28-октябрда Жыпаркүл Иманкалиева аттуу жаран SUPER-MEDIA пресс борборунда маалымат жыйын берүүдө. Ал Мирбек Атабековдун үйүнө уурулукка киргенге шектелген жарандын апасы. Буга чейин да коомчулукка кайрылып, баласы күнөөсүз жерден айыпталып жатканын айткан болчу. Андан кийин Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү уурулукка шектелген башка адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде Иманкалиеванын уулуна дагы башка айыптар тагылганын билдирген. Маалымат жыйында шектүүнүн апасы окуя тууралуу кенен айтып берет.