"Чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тышкы карыз алганга мажбурбуз" деп бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде депутат Руслан Казакбаев билдирди.
Депутат алынган насыяны туура колдонуу зарылдыгын айтты. "Чоң долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карыз алганга мажбурбуз. Бирок маселе карыз алганда эмес. Алынган насыяны кандай колдонуп жатабыз? Коррупцияга жол бербей, акчаны сарамжалдуу колдоно алабызбы? Маселе ушунда болуп жатат", - дейт депутат.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бюджет долбоору каралып жатат.