Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Руслан Казакбаев мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы качан көтөрүлө турганын сурады.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мугалимдердин айлыгы октябрь айында көтөрүлгөнүн айтты. Ал эми дарыгерлердин айлыгы боюнча систем азырынча тактала электигин билдирди.
"Дарыгерлердин айлыгын көбөйтүү үчүн 2020-жылы 700 миллион сом каралып жатат. Бирок кандай эреже менен айлыктары көтөрүлө турганы аныктала элек", - дейт министр.
Учурда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында бюджет долбоору каралып жатат.