Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов кийинки жылы калкты таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүү керектигин айтты.
“Таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен эки эсе көп каражат бөлүү зарыл. Анткени президент 2030-жылы бардык айылдар таза суу менен камсыз болорун айткан. 2019-жылы таза суу боюнча бюджеттен канча каражат каралды эле?”, – деп сурады депутат.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 2019-жылы таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен 350 миллион сом каралганын айтты.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында бюджет долбоору каралууда.