Бүгүн, 28-октябрда “Ош” эл аралык аэропортунда “Кувейт-Ош-Кувейт” багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайтына жарыяланды.
Анда “Jazeera Airways” авиакомпаниясынын “Кувейт-Ош” багыты боюнча алгачкы каттамын расмий жана салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.
“Бүгүнкү рейске 139 жүргүнчү катталган. Авиакаттамдар жумасына эки жолу - дүйшөмбү, шаршемби күндөрү жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.