29-октябрдан 4-ноябрга чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, аба ырайынын температурасы төмөндөйт

Кыргыз өлкөсүндө 29-октябрдан 4-ноябрга чейин аба ырайы өзгөрүп, айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 29-октябрда Ош жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда түнкүсүн кар жаайт. Ал эми башка облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында күндүзү кар жааса, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде күндүз жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

2-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-ноябрда кээ бир райондордо, 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан