Бүгүн, 29-октябрда Ак Үйдүн алдына жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты көчөгө коюлганга каршы акция өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ал өзү билдирди.
"Конгантиевдин атын көчөгө ыйгаруу 2010-жылы революцияда каза болгон баатырларды сыйлабастык. Көк-Жар айылдык кеңешинин токтомун жокко чыгарууну талап кылам. Жогорку Кеңештин депутаттары, президент бул маселеге көңүл бурушу зарыл", - дейт ал.