Орусия санкция койгон польшалык сыр өндүрүүчүлөр товарын Кыргыз өлкөсүнүн атынан киргизүүгө аракет кылышкан

Орусия польшалык сыр өндүрүүчүлөрдүн товарын киргизүүгө тыюу салган. Бирок польшалык ишкерлер сырдын маркировкасын өзгөртүп, Кыргыз өлкөсүнүн атынан киргизгенге аракет кылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын мүдүрү Калысбек Жумаканов маалымат жыйында айтты.

"Орусия Польша өлкөсүнөн келген сырларга санкция киргизген. Ал эми биздин мамлекет уруксат берген, себеби ал компания ЕАЭБдин алкагындагы реестирдин каттоосуна алынган. Келишимге ылайык, компаниянын сырларын биздин мамлекет 20 тоннадан ашпаган өлчөмдө жана ички рынокто гана колдонууга уруксат берген. Бирок өндүрүүчүлөр өздөрүнүн маркировкасын алып, этикеткасын жулуп, ордуна "Кыргыз өлкөсүнүн сыры" деп чаптап коюшкан. Андан соң өз продукцияларын Орусиянын аймагына киргизгенге аракет кылган. Бирок алардын куулугу билинип калган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жургүзүлүп, ал компанияларды реестирден чыгарып салдык", - деди Жумаканов.

Орусияда санкция коюлган Польшалыктардын сыры, Кыргыз өлкөсүнүн атынан ташылып турган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gute
2019-10-29 15:59:47
Анан дагы ЕАЭБдин пайдасы жок экен деп калышат товарларды откозбой жатышат деп.
Ушинтип озунор ишенчиликтен кетип жатсанар откозбойтта. Озубуздун товарларды откоро албай жатып Польшаныкын хххх тыгасынарбы
+8
elchi84
2019-10-29 19:36:14
Биздин чондорго эл эмес башка мамлекеттердин башчылары деле ишенбей калышты окшойт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан