Буга чейин Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Таштумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов
Тажикстандын "Чарку" базарына кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган. Ал 24-октябрь күнү үйүнөн чыккан боюнча келген эмес. Бүгүн, 29-октябрда анын дайынсыз болуп жатканына 5 күн болду.
Баткен облустук ички иштер бөлүмү бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "дайынсыз жоголуу" деп 24-октябрда каттаганын билдирет. "Азыркы күндө бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат", - дешти облустук милициядан.
Асылбек Каримовдун агасы Абдисамат Каримовдун айтымында, ал Тажикстандын базарында жүргөндө жергиликтүү милиция кызматкерлери кармап кетиши мүмкүн.