Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
"Босого чеги 9 пайыз болушу парламентте түрдүү саясий күчтөрдүн пропорциялуу өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеңешке өкүлчүлүк болуусуна конституциялык укуктарына чек салууга алып келет", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасын төмөндөтүү дагы сунушталып жатат. 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев.