Мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат

Өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мугалимдер өздөрүнүн айлык акыларынын көбөйтүлүшү боюнча тиешелүү бухгалтериядан тактап, маалымат алышууда. Ноябрь айынан баштап ар бир мугалим көбөйтүлгөн айлык акы алат.

Санариптештирүү жылынын алкагында жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты. Ноябрь айынан баштап бул систем Ысык-Ата жана Түп райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери окуулардан өтүшөт.

2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгып, бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
isarti
2019-10-29 20:29:51
Мунун деле жолун табышса керек.
0
KAYRATBEK
2019-10-30 05:41:54
Ото жакшы. Республикада бир да мекеме калбай баары тен электрондук системге отушу керек. Ошондо коррупцияны бир топ жойо алабыз. Себеби коррупциянын тупку тамыры колдон колго откон акчаларда болуп жатат. Баары электрондук системге отко баары карта менен гана айлык акы алып калышса мына ошондо коррупция менен курошкон болобуз.
+1
ruslan73
2019-10-30 09:40:38
Суроо:Мектепте иштеген мугалимдин сабак откону, сабакка даярдануу сааттары (ПЧ) жана класстан тышкаркы иштерине(Мч,ВЧ) айлык эсептелип анан 21% налог кемитилеби же ушул эсептелген акчаларга айыл жеринде иштегени жана педстаж учун кошумча акчалар кошулуп туруп анан 21%налог кемитилеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан