Депутат Алтынбек Сулайманов патентти жоюп салуу боюнча Экономика министрлигинин көз карашы кандай экенин сурады

Депутат Алтынбек Сулайманов патентти жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Патенттен канча акча түшөт? Патентти жыйноо үчүн канча кызматкер иштейт? Жоюп салсак болобу?", - деп сурады депутат.

Экономика министри Санжар Муканбетов патенттен 2 миллиард 200 миң сом түшө турганын айтып, 260 кызматкер иштейт деп билдирди.

Депутат патентти жоюп салуу боюнча Экономика министрлигинин көз карашы кандай экенин сурады. "260 кызматкердин чыгымына патенттен чогулган акчанын жарымы кетет экен. Патентти жоюп салуу боюнча Экономика министрлигинин көз карашы кандай?", - деп сурады депутат.

Экономика министри Санжар Муканбетов депутаттын сунушун колдой турганын айтты. "Абдан туура сунуш берип жатасыз. Патент боюнча чоң сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Сунуштар менен келебиз", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2019-10-29 17:29:36
Жоюп салган туура антпесе ар налоговиктин 1же 2 мандеру болот кыскасы акча сол чонтоко эле кетет
+4
tachkomur
2019-10-29 17:42:57
Туура айтат
+3
bond02
2019-10-29 19:59:49
Ушул депутатты сыйлап калдым откондо бир журналист кыз Кыргызстанда канча айыл, канча шаар, канча район бар деген суроосуна так жооп бергенден кийин.
+1
Kyrgyzstan.77
2019-10-30 00:31:58
260 кызматкерге жарымы кетсе 1 айлыгы 350 мин болуп калабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан