Санкт-Петербургда турак үйлөрдүн жанына таштандыларды мыйзамсыз төгүп жүргөн делинип 4 Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Невск районундагы турак үйлөрдүн жанында таштанды төккөн 4 Кыргыз жараны кармалды. Алар таштанды төгүүчү жайды мыйзамсыз уюштурганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Анда райондун тургундары турак үйлөрүнүн жанындагы чогулган таштандылар боюнча арызданышкан. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, 2018-жылдан бери юридикалык жак тарабынан ижарага алынган жер тилкесине жүк ташуучу унаалар аркылуу курулуш иштеринен чогулган таштандылар ташылат. Таштанды төгүлгөн жайды аймактын тургундарынан түзүлгөн топтун мүчөлөрү кароолго алат. Бирок ошого карабай таштандылардын көлөмү көбөйө берген.

"КамАЗ айдаган 4 Кыргыз жараны кармалды. Алар таштандыны мыйзамсыз төгүп жүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2019-10-29 23:07:21
Халтура кылалы дешкенго ,..эми бовойт айшува
-1
Dembele84
2019-10-30 08:18:52
Жон журбойт экенбиз да кыргыздар,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан