Бишкекте Азим Жээнтаев 2 айдан бери дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунун 31 жаштагы тургуну Азим Жээнтаев 2 айдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Ал ушул жылдын 21-августунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.

Жакындарынын айтымында, изделип жаткан жарандын жубайы кош бойлуу.

"Азим Жээнтаев жубайы менен батирде жашачу. Апасы кант диабети менен жабыркайт. Уулу дайынсыз болгондон бери дарты күчөп жатат. Азим Жээнтаевди үй-бүлөсү, жакындары чыдамсыздык менен күтүп жатабыз", - дейт изделип жаткан жарандын жакыны.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо 0 (507) 545-565 номерине байланышып коюуңуздарды жакындары суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан