Депутат: "Жалпы өлкө боюнча уран, торий кендерин иштетүүгө тыюу салуунун кереги жок"

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңеште уран, торий кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат.

Анда депутат Улан Примов уран, торий кендеринин биосфералык аймактарда иштешине каршы экенин айтты. "Уран, торий кендеринин биосфералык аймактарда иштешине каршымын. Бирок жалпы Кыргыз мамлекетинде иштебесин деп тыюу салуу канчалык туура? Эгерде бардык технологияны сактап, тиешелүү төлөмдөрдү төлөп берсе, эмне үчүн тыюу салышыбыз керек? Жогоруда экономиканы бетке кармап жатасыңар деп айтылууда. Экономика болбосо өлкө, эл өнүкпөйт. Өкмөттүн өкүлдөрү так жооп берсеңер болмок. Сиздердин позицияңар ары эмес же нары эмес болуп жатат. Жалпы өлкө боюнча уран, торий кендерин иштетүүгө тыюу салуунун кереги жок. Келечекке, экономикага ушул жаатта иштегендерге бөгөт коюп жатабыз", - дейт Примов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
artur999
2019-10-30 10:47:04
Ошол уран чыккан жерге барып жаша, балдарын ур од болуп калсын. Бети жок кантип айтып жатасын. Уятын бетин барбы? Уран казганга тыюу салуу керек.
+4
asiret
2019-10-30 11:20:09
Көмүрдөн түшкөн кирешеге алымсынбай, эми уран казууну көздөп жаткан окшойт.
+2
Adi010891
2019-10-30 11:30:48
Экономика болбосо эл онукпойт имиш.
Антип элди шылтоолобой эле ачык айтта, уран казылбай калса чонтогубуз жукарып калат деп,элди бетке кармабай
0
adiaza
2019-10-30 13:09:55
Мындай кишилер элдин кызыкчылыгын ойлобойт оз кызыкчылыгы учун иштеп журот.
0
talas0707
2019-10-30 13:28:19
Бир президент айтмакчы бизнесменден жакшы саясатчы чыкпайт, бизнесмен чонтогун кана ойлойт деп.
0
Ysakov_Nur
2019-10-30 18:29:13
Урматтуу депутат мырза!
Экономиканы онуктуруунун жолу:
-Коррупция менен курошуу.
-Чек арадагы контрабанданы жоюу.
-Той-аш, майрамдарга болгон чыгашаны кыскартуу.
-Чет мамлекеттерден келген акчаларды максатту пайдалануу.
-Жана эн негизгиси азыркы кыргыз сойку-саясатчыларды ак уй менен кошо орттоп салуу...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан