2020-жылы өлкө боюнча калкты жана турак жай фондун каттоо мобилдик тиркеменин жардамы менен өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, улуттук статистиканын суроолор баракчасын электрондук форматка өткөрүү боюнча "Survey Solutions" тиркемесинин базасындагы программаны колдонот.
“Алгачкы жолу бул мобилдик тиркемени сыноо иретинде Чүй облусунда элди off-line режиминде каттап, тестирлөөдөн өткөрүп көрдүк. 2019-жылдын июль айында мобилдик тиркемелер кайрадан иштелип чыккандан кийин, комитеттин 33 адиси менен Ысык-Көл облусуна караштуу Кум-Бел айылында кошумча тестирлөөдөн өткөрүлдү. Коопсуздук жана калктын жеке маалыматын коргоо максатында тиркемеге кирүү чектелүү болот”, - деп айтылат маалыматта.
Калкты каттоо иштери 2020-жылдын март айынан башталат.
Бул мобилдик тиркемени сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, ага 9 миллион 401 миң 300 сом өлчөмүндөгү каражат каралып жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланган.