Кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбой турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Ал кышында электр энергиясы тартыш болбой турганын белгиледи. Бороновдун айтымында, бардык чаралар көрүлүп, суунун көлөмү жетиштүү.
Учурда Жогорку Кеңеште кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр.